Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Бишкектеги райондор аралык соту дагы бир өзбек бозгунуна качкын макамын берүү маселесин кароодо


БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү аталган сотто «Адилет» укук коргоо уюмунун арызын кароо улантылды. Бул күнү тараптардын жүйөөлөрүн уккан сот өзбек бозгунуна качкын макамын берүү маселеси боюнча чечим чыгарууну 8-сентябрга калтырды. Ал эми калган эки бозгундун маселеси боюнча иштин качан каралышы азырынча белгисиз. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Адилет укук коргоо уюмунан 6-сентябрда билдиришти.

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаменти өзбекстандык төрт бозгунга качкын макамын берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу Кыргызстанда калган 15 өзбекстандык атуулдун кызыкчылыгын коргогон “Адилет” бейөкмөт уюму сотко кайрылган. 18-августта үч күндүк сот жараянынан кийин Бишкектеги район аралык соту Ош тергөө абагындагы бир адамдын иши боюнча арызды канааттандырган. Ага ылайык, бир айдын ичинде миграция департаменти өзбек бозгунуна качкын макамын берүү маселесин кайра карап чыгууга тийиш.

XS
SM
MD
LG