Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Ишкер Жорджио Фиаккони камакка алынды


БИШКЕК. Өлкөнүн финансы полициясы Кыргызстанда бир канча жылдан бери иш жүргүзүп келаткан италиялык ишкер Жорджио Фиаккони Бишкек шаардык прокурорунун милдетин аткаруучунун санкциясына ылайык, дүйшөмбүдө камакка алынганын 6-сентябрда маалымдады. Бишкек шаардык финансы полициясынын башчысы Надырбек Турганбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда аны камакка алуу боюнча ушул жылдын 29-августунда санкция берилген. Ишкер Фиаккониге Кылмыш жаза кодексинин 4 беренеси боюнча, салык төлөөдөн качкан, соттук чечимди аткарбаган деген сыяктуу айыптар тагылууда.

Жорджио Фиаккони борбордук “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн жана “Кевитал” биргелешкен ишканасынын ээлеринин бири. Аталган ишкана кезинде Бишкектеги мурдагы “Кыргызстан” мейманканасын сатып алып оңдоп-түзөгөн соң “Хаятт” компаниясына сатып жиберген.

XS
SM
MD
LG