Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Анжиян окуясын уюштургандар Кыргызстанда даярдалганбы?


БИШКЕК. 5-сентябрда Өзбекстандын парламенти Анжиян окуясын иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматын укту. Маалыматта май айындагы Анжиян коогалаңын Өзбекстандан тыш, Ооганстанда жана Пакистанда атайын даярдалган күчтөр уюштургандыгы айтылган. Мындан сырткары Өзбекстандын Башкы прокурору Рашид Кадиров окуяны уюштурууга катышкан адамдар Кыргызстанда даярдыктан өткөн деген маалыматты да билдирген. Анын маалыматында, үстүбүздөгү жылдын январь айынан апрель айына чейин 70 диний-экстремист террорчулук аракеттерди ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын түштүгүндө даярдалганы, майдын 12синен 13үнө оогон түнү курал-жаракчан 60 киши чек араны бузуп, Кыргызстандан Өзбекстанга өткөнү белгиленген.

Ал эми Кыргызстандын күч органдарынын жетекчилери өзбек тараптын бул маалыматы негизсиз экенин айтып, аны жокко чыгарууда. Маселен, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков 6-сентябрда “Азатыкка” буларды билдирди:

- Кыргызстандын аймагында эч качан эч кимди андай террорчулукка даярдоо болгон эмес, ага мүмкүнчүлүк да жок. Өзбек тараптын маалыматы туура эмес, чындыкка коошпогон, негизсиз маалымат. Ошол негисиз маалыматты айткан тарап өздөрүнүн ишин туура алып бара албай, күнөөнү бирөөгө жапкандыгы деп эсептейбиз.

XS
SM
MD
LG