«Гринпис» Орусияны экогологиялык тынчсызданууну көзгө илбейт деп айыптады. Эл аралык экологиялык ири уюмдардын бири болгон «Гринпистин» билдиришинче, Орусиянын мамлекеттик карамагындагы «Транснефт» ишканасы Байкал көлүнүн айланасында мунай куурун куруу планын ишке ашырууга нийеттүү. Байкал - тузсуз суунун дүйнөдөгү эң ири көлү болуп саналат. Гринпистин маалыматына караганда, Орусиянын жаратылыш ресурстар министрлиги июль айында курулушту токтотууга буйруган. Экологдор бул курулуш айлана-чөйрөгө олуттуу коркунуч келтирет деп эскертишүүдө.
Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады
Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады