Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Таластык айдоочулар нааразы


ТАЛАС. Элүүгө чукул жеке менчик кирекечтер 7-сентябрь күнү түштөн кийин облустук администрациянын имаратынын алдына автомашиналарын айдап келишип, нааразылык акциясын өткөрүштү. Алардын мындай кадамга баруусуна автоинспекция кызматкерлери шаардык мэрия менен бирдикте жеке менчик таксисттерди ушул кезге чейинки турган шаардык базардын жанындагы ордунан башка жака кубалап жаткандыгы башкы себеп болгон. Нааразы болгон айдоочулардын дооматтарын укканга облус губернаторунун орунбасары Шералы Абдылдаев, облустук милициянын жетекчилери келишти. Нааразы тараптын дооматтары угулгандан кийин таксистердин ичинен бир нече өкүл облустук бийликтин өкүлдөрүнүн коштоосунда маселени жеринде иликтөө үчүн шаардык мэрияга кетишти.

XS
SM
MD
LG