Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Улуттук банктын эмгек жамааты мамлекет башчысына кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Улуттук банктын эмгек жамааты мамлекет башчы Курманбек Бакиев, Баш прокурор Азимбек Бекназаровго кайрылуу жолдоду. Кайрылуу ээлери Улуттук банк төрагасына тартип коргоо органдары тарабынан адилетсиз иш чаралар көрүлүп жаткандыгын белгилешип, ага карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү жана банк төрагасынын иштөөсүнө толук мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү өтүнүшкөн. Буга чейин Баш прокуратура тарабынан Улуттук банк төрагасы Улан Сарбановго 1999- жылы “экс-президентке мыйзамсыз 480 миң доллар берген жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй Улан Сарбанов үй камагына алынган.

XS
SM
MD
LG