Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Медет Садыркулов өз кылмыш иши менен таанышты


БИШКЕК. Аскар Акаевдин тушунда президенттик администрация жетекчиси, Эсеп палата төрагасы жана Ирандагы элчи болуп иштеген Медет Садыркулов бүгүн Баш прокуратурага келип, өзүнө карата кылмыш иши менен таанышты. Медет Садыркуловго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекеттик каражатты уурдоого катышкан деген айыптар тагылууда. Медет Садыркулов “Азаттыкка” менин эч кандай күнөөм жок деп билдирди.

Экс-президент Аскар Акаевге мамлекетке тиешелүү 480 миң долларды мыйзамсыз берген деген айып боюнча Медет Садыркулов, Улан Сарбанов жана финансы министрлигинин эки кызматкерине кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG