Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Марат Бакиевдин элчи болушуна Европадагы кыргызстандыктар нааразы


БИШКЕК. Президенттин бир тууган иниси Марат Бакиевдин Германияга элчи болуп дайындалышына байланыштуу Европа өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктардын “Манас” коомдук бирикмеси Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилигине мөөнөтсүз бойкот жарыялайт. Аталган коом президент Курманбек Бакиевге жана өкмөт башчы Феликс Куловго ачык кат жолдоду. Анда “Биз президент Бакиевдин жакын туугандарынын дипломатиялык кызматтарга коюлушуна каршыбыз” деп жазылган. Европа өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктар кирген бул бирикменин 200дөн ашык мүчөсү бар. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Марат Бакиевди Германиядагы элчи катары 5-сентябрда бекитип, ал бүтүмүн президентке жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG