Виктор Ющенконун администрация башчысы - Олех Рыбачук болуп калды. Мурдагы администрация жетекчиси Олександр Зинченко ишемби күнү кызматынан чегинип, президент Ющенконун айланасында коррупция гүлдөп жатат деп ырастаган эле. Рыбачук мурда Европалык интеграция боюнча министрдин орун басары болгон.