125 парламенттик орунга 2 миңден ашык талапкер катталды. Алардын 400 чактысы бийликтеги “Йени Азербайжан” партиясынан. Бийликтерге коомчулук тараптан болгон кысымдын өсүшү Азербайжанда Кыргызстандагыдай элдик козголоң чыгышы мүмкүн деген божомолго түрткү болууда.