БИШКЕК. Кошмо Штаттардын Луизиана штатында окуп жаткан Мырсалиев Тыныч «Катрин» бороон-чапкынынын учурунда эч кандай кырсыкка кирептер болгон жок. Бул тууралуу шаршембиде Тынычтын Бишкектеги ата-энеси жана АКСЕЛС программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Тыныч программанын алкагында Луизиана штатына бир жылдык окууга кеткен жана ал кырсык болгон Нью Орлеан шаарынан эки сааттык алыс жердеги шаарда окуусун улантууда. Америкалык АКСЕЛС программасынын алкагында Кыргызстандан быйыл 60 окуучу, ал эми АЙРЕКС программасынын алкагында 13 студент жана 10 магистрант конкурстук негизде тандалып алынып, АКШнын ар кайсы штаттарына окууга жөнөтүлгөн. Уюмдардын координаторлорунун маалыматтарына караганда, кыргызстандык жаштар «Катрин» кырсыгында жабыркашкан жок.