Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:45

Азербайжан коргоо тармагынын бюджетин эки эсе көбөйтөт


Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келерки жылы өлкөнүн коргоо тармагынын бюджети эки эсеге көбөйтүлүп, 600 миллион долларды түзө турганын билдирди. Алиев ошондой эле Азербайжанга караштуу Тоолуу-Карабакты басып алган Арменияга: "Бул чөлкөмдү күч менен кайра кайтарып алууга алыбыз жетет", - деп эскертти. Ал ошондой эле Армениянын жүрүм-туруму Тоолуу Карабак маселесин чечүүгө жолтоо болуп жатат, деп айыптады. Ошону менен бирге эле президент этник армяндар отурукташкан Тоолуу-Карабак чөлкөмүнө байланыштуу маселени тынчтык жол менен жөнгө салуу мүмкүн болооруна үмүттөнүп жатканын билдирди.

Кечки эл аралык кабарларды Прагадан Баян Жумакадыр кызы даярдады

XS
SM
MD
LG