Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Украин президенти жаңжалды токтотуу далалатында өкмөттү таркатты


Ющенко администрациясындагы ички ырксыздыктан улам ушул кадамга барганын бышыктады. Польшанын президенти Александр Квасниевский Украинадагы саясий кризис өлкө башынан өткөрүп жаткан оор саясий жана экономикалык өткөөл мезгилдин салакасы деди. Орусиянын президенти Путин Ющенко кырдаалды көзөмөлдөп турганына ишеним билдирди. Кошмо Штаттарынын Мамдепартаменти демократиялык өлкөлөрдө өкмөттүн таркатылышы кадыресе көрүнүш деди. Европа Союзу Ющенкону туруктуулукту сактоого чакырып, ал коррупция менен күрөшүн солгундатпайт деген үмүтүн билдирди. Грузиянын президенти Саакашвили Ющенконун өкмөттү таркатуу чечимин колдоп чыкты.

XS
SM
MD
LG