ЖАЛАЛАБАТ. Жыйында сүйлөгөн Азимбек Бекназаров саясий оюндардын доору бүтүп, жаңы бийлик эл ишенимин актоо үчүн мезгил келгендигин жана бийлик арасына кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү аралашып кеткендигин белгиледи. Ал айткандай март ыңкылабынан кийинки 5 ай ичинде өлкөдө өзгөрүү болгон жок, тартипсиздик жана башаламандык өкүм сүрүүдө. Прокуратуранын талабы менен экс-президент Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсүнөн башка жооптулуктан качып жүрүшкөн 29 адам келип сурак берүүдө. Айдар Акаевге тиешелүү жайлардан 289 млн. сомдук айырма төлөнүп, экс өкмөт башчы Николай Танаев 200 млн. сомго жакын каражатты жок кылган. Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин “Аалам сервис” фирмасынан жылына 600 млн. сом карыз өндүрүлбөгөн. Канттагы цемент-шифер комбинатынын 13 жарым пайыз акциясы өкмөттүн карамагына өттү, деди Азимбек Бекназаров. Ысыккөлдүн жээгинен туура эмес менчиктештирилген 29 пансионат мамлекетке кайтарылган. Бирок чет өлкөдө качып жүрүшкөн контрреволюционерлер жаңы бийликти жаман атты кылуунун бардык иш аракеттерин көрүшүүдө. Башкы прокурор ошондой эле элдин көйгөйлүү суроолоруна да жооп берди. Залдагылар пахта заводундагы жана облустун керек-жарак коомундагы башаламандыктарды териштирүүнү өтүнүштү.