БИШКЕК. Эл аралык “Артикл 19” уюмунун бөлүмүн Кыргызстанда ачуу тууралуу Кыргыз Акыйкатчысы Европалык жана Азиялык программалардын директору Лютгард Хаммерер айым менен макулдашты. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан 9-сентябрда билдиришти. “Артикль19” уюму Балкан мамлекеттеринде, Орусия, Украина, Беларус, Кавказ өлкөлөлөрүндө сөз эркиндиги, өз ой пикирлерин эркин билдирүү жана басма сөз кызматкерлеринин укуктарын коргоо багытында иш алып келүүдө.