Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:30

Италиялык ишкер Ж. Фиаккони кол тийбестик укугуна ээ эмес


БИШКЕК. Италиялык ишкер, Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун башкы директору Жоржио Фиаккони Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин төрагасы Дэвид Гранддын, кеңештин мүчөсү Эдуар Рауштун жана Жогорку Кеңештин депуттары Искендер Гайыпкулов менен Махаматжан Мамасаидовдун кепилдиги менен камактан бошотулуп, жашаган жеринен чыкпоого милдеттендирилди. Фиаккониге кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, жасалма документтерди колдонгон, салыкты төлөөдөн качкан, чоң өлчөмдөгү мүлктү уурдаган деген айыптар коюлууда. Ал 5-сентябрда Бишкек шаардык прокуратурасынын санкциясы менен камакка алынган. Ага берилген баш коргоо чарасы ишкердин саламаттыгына жана жаш курагына байланыштуу да өзгөртүлдү. Бишкек шаарынын прокурору Учкун Каримовдун маалыматы боюнча, Италиянын Кыргызстандын ардактуу консулу катары Фиаккони дипломатиялык кол тийбестикке ээ эмес. Италиялык ишкердин үстүнөн козголгон кылмыш иштер боюнча тергөө шаардык каржы полициясы тарабынан жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG