Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Сот дагы бир өзбек бозгунуна байланыштуу арызды канааттандырды


БИШКЕК. Бишкектеги район аралык соту 8-сентябрда «Адилет» укук коргоо уюмунун Ош тергөө абагындагы дагы бир адамдын иши боюнча экинчи арызын карап, аны канааттандырды. Бул тууралуу 9-сентябрда «Адилет» уюмунун төрайымы Чолпон Жакупова «Азаттыкка» билдирди. Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаменти өзбекстандык төрт бозгунга качкын макамын берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу “Адилет” бейөкмөт уюму алардын кызыкчылыгын коргоп, сотко кайрылган. Сот чечимине ылайык, миграция департаменти бул өзбек бозгунуна качкын макаман берүү маселесин кайрадан карап чыгууга тийиш. Бирок бир айдын ичинде миграция департаменти Бишкек район аралык сотунун чечимине карата апелляциялык арызы менен шаардык сотко кайрыла алат.

18-августта Бишкектеги район аралык соту өзбек бозгунуна качкын макамын берүү боюнча «Адилет» уюмунун биринчи арызын канааттандырган. Уюм дагы эки өзбек бозгунуна байланыштуу арызын сотко жолдогон. Ал арыздар 20-сентябрдан кийин каралышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG