Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Түркиялык компания президенттен жардам сурады


БИШКЕК. “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” деп аталган түркиялык компания президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда Бишкектин Совет жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш токтоп калса, 300 адам жумушсуз калып, Индия, Орусия жана Казакстандан келген 100гө чукул адистер Кыргызстандан кетүүгө мажбур болоору жазылган. Бишкек шаардык кеңеши 5-сентябрда бул курулушту токтото туруу жөнүндө чечим чыгарып, андагы бардык мыйзам бузууларды иликтеп чыга турган атайын комиссия түзгөн. Түркиялык компания куруп жаткан бул бизнес-борбор тууралуу Түштүк-2 кичирайонунун тургундарынан Бишкек шаардык кеңешине арыздар түшкөн.

XS
SM
MD
LG