Украинанын президенти Виктор Ющенко жогорку мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын коррупцияга аралашкандыгы боюнча айтылган айыптарды кылдат иликтөөгө мамлекеттик катчы Олег Рыбчукка көрсөтмө берди. Мындай айыптарды экс-премьер министр Юлия Тимошенко менен мурдагы мамлекеттик катчы Александр Зинченко айткан болчу. Тимошенко жума күнү кечинде оппозицияга дароо өтпөсүн, бирок Ющенкого атаандаш катары эмдиги жылкы парламенттик шайлоого катышаарын жарыя кылды.