Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Түркиянын түштүк-чыгышында күрд козголоңчулары беш аскерди өлтүрүштү


Бул тууралуу кабарды бүгүн түркиялык бийликтер таркатышты. Түркиянын көпчүлүк бөлүгү күрттөр жашаган жерде 1984-жылы түзүлгөн Күрд эмгекчилеринин партиясы автономияга ээ болуу өнөктүгүн баштагандан бери алар менен түркиялык коопсуздук кызматтары ортосунда тирешүү күчөгөн. 84-жылдан бери 32 миң адам ал кагылышуулардын курмандыгына айланды, алардын көпчүлүгү күрттөр. Кийинчерээк беш жылга жарашуу келишими кабыл алынган эле, бирок 2004-жылы аталган партия анын талаптарын аткаруудан баш тартты. Ошондон тарта күрттөр менен мамлекеттик коопсуздук кызматтары ортосунда тирешүү дагы күчөдү.

XS
SM
MD
LG