Ирактын бийлиги Сирия менен болгон чек арасын жапты. Буга ал өлкөдөн чет өлкөлүк куралчан топтордун кириши мүмкүн экендиги түрткү болду. Ал эми Самарра деген шаарында жардыруу болуп, андан АКШнын эки жоокери каза болуп, экөө жарат алды. Ал эми түштүктөгү Басра шаарында Британиянын бир жоокери набыт болуп, үчөө жарат алды. Түндүктөгү Киркук шаарында бомба жарылып, 8 адам майып болду. Ага карабастан америкалык аскерлер “Ал-Каиданын” бөлүмү бар деген маалыматтан улам, Рутба деген шаарда аскерий операцияны баштады. Көтөрүлүшчүлөргө каршы операция Тел-Афар шаарында да уланууда.