Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Иран өзөктүк программасы боюнча өз позициясынан тайбайт


Иран дагы эки электростанциясын курууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн Ирандын Тышкы иштер министри Манучер Моттаки билдирди. Ал ошондой эле, Исфаханда уранды байытуу иши токтотулбай турганын айтты:

- Исфахандагы ишканада ишти токтотуу маселеси азыр бизде карала элек. Аны кароо да күн тартибинде жок.

ЕвроБиримдик Тегеранды буш ишти токтотууга чакырып келген эле. Ирандык министр “Эгерде анын өзөктүк программасы боюнча маселе Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүлүп берилсе, анда бул иштин арты жаман бүтөт” деди. Бирок министр бул сөзү менен эмнени айтайын дегенин так билдирген жок.

XS
SM
MD
LG