Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Ким келди, ким кетти?


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен 10-сентябрь күнү банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструкташтыруу боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Темир Аташев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Ошол эле күнү президент бул кызматка Эрнис Станбеков дайындалганы тууралуу жардыкка кол койду. Президенттин дагы бир жардыгы менен Улуттук статистика комитетинин да жетекчиси алмашты. Мурдагы жетекчи Зарылбек Кудабаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу аткарган кызматынан бошотулуп, анын ордуна Орозмат Абдыкалыковду Улуттук статистика комитетинин төрагалыгына дайындалды. Орозмат Абдыкалыков буга чейин социалдык фонддун төрагасынын 1-орун басары болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG