Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

Кыргызстандын Москвадагы күндөрү натыйжалуу болду


БИШКЕК. 7-10-сентябрь күндөрү Москвада өткөн Кыргызстандын күндөрү өлкө үчүн пайдалуу жана натыйжалуу болду. 170 адамдан турган кыргыз делегациясынын айрым өкүлдөрү Москва шаарынын тиешелүү тармактарынын жетекчилери менен жолугушуп, кызматташууларды жакшыртуунун жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу делегацияны жетектеп барган вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова 12-августтагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындан ары Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштар жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишеним бар. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселеси президенттер Владимир Путин жана Курманбек Бакиевдин жеке көзөмөлүндө болот. Маалымат жыйынында Москванын мэри Юрий Лужков жакын арада Кыргызстанга келээри, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча мындан ары Москвада иш жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө да айтылды.

XS
SM
MD
LG