Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Парламент өкмөт түзүмү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоону баштады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин 12-сентябрдагы отурумунда депутаттар өкмөт түзүмү тууралуу мыйзам долбоорун катип кабыл алуу зарылдыгы тууралуу саат он бирге чейин талашып-тартышышты. Айрым депутаттар өкмөт түзүмү тууралуу мыйзам долбоорун адегенде, курамына президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү кирген макулдашуу комиссиясын түзүп, андан соң кабыл алуу чечимин сунушташты. Ал эми палата төрагасы Өмүрбек Текебаев жана башка депутаттар комиссия түзүү Баш мыйзамга каршы келээрин айтышып, мыйзам долбоорун дароо талкууга кою демилгесин көтөрүштү. Көп өтпөй депутаттар аталган мыйзамды талкуулоого киришишти. Талкуу 13-сентябрда улантыла турган болду. Президент тарабынан сунушталган долбоордо өкмөттүн түзүмү 12 министрлик, бир мамлекеттик комитет, эки вице-премьер-министр кызматынан турат.

XS
SM
MD
LG