БИШКЕК. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев «Өкмөт жөнүндөгү» Конституциялык мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, аны кайрадан Жогорку Кеңешке жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Шерниязов палатанын 12-сентябрдагы отурумунда билдирди. Жогорку Кеңеш «Өкмөт жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамды экинчи окууда 8-сентябрда кабыл алган. Баш мыйзамга ылайык, президент каршы пикир билдирген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кеминде алты айдан кийин гана кайрадан каралат. Буга байланыштуу депутаттардын арасында, жакын арада өкмөттүн курамын жана түзүмүн кайсыл мыйзам долбоордун негизинде кабыл алуу маселесинин тегерегинде кайчы пикирлер орун алууда.