Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Аскар Акаевдин 58 гектар жерге эс алуучу жай куруу планы ишке ашпай калган


БИШКЕК. Өлкөдөн качып кеткен мамлекет башчы Аскар Акаев өзүнүн атынан Ысыккөлдүн жээгинен 58 гектар жерге эс алуу жайын 2002-жылдан бери куруп жаткан. Мындай курулушту курууга Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев тарабынан бир миллион 112 миң доллардан ашуун акча бөлүнгөн. Ал эми эс алуу жайын куруу мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин баласы Алексей Танаев жетектеген «Бишкеккурулуш» ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын 12-сентябрдагы отурумунда айтылды. Мындай маалыматты Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде туура деп тастыктады. Ал эми Айдар Акаевге өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып коюлууда. Айдар Акаев болсо, мындай айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG