Астанада сүйлөгөн сөзүндө Назарбаев казак бийликтери жергиликтүү жана чет элдик коомдук уюмдардын ишмердиги өлкөнүн мыйзамдарына шайкеш келишине дыкат көзөмөл салат, деп белгиледи. 1990-жылдан бери Казакстанды башкарып келаткан Нурсултан Назарбаев 4-декабрда өтө турган президенттик шайлоого катыша турганын билдирген.