Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Украина президенти коррупция боюнча күнөөнү текшерүүгө буйрук берди


Украина президенти Виктор Ющенко кечээ күнү атайын билдирүү жасап, анын администрациясындагы кызматкерлер коррупцияга баткан деген күнөө менен байланыштуу иш 10 күндүн ичинде тергелип бүтүүгө тийиш деп жарыялады жана Улуттук коопсуздук кызматынын жаңы деректири кылып Игорь Дрижчаныйды дайындады:

- Мен сизден суранганым, менин буйругум 10 күндүн ичинде аткарылып, коюлган күнөө менен байланыштуу шарттар бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен тергелип чыгууга тийиш. Тергөө комиссиясына коопсуздук кызматынын, башкы прокурордун кеңсесиинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кирет, - деди Ющенко Дрижчаныйга кайрылып.

Өткөн аптада президенттик администрациянын башчысы Александр Зинченко бийликти коррупциядан күнөөлөп, кызматынан чегингенден кийин Ющенко премьер-министр Юлия Тимошенкону кызматтан алып, анын ордуна Юрий Ехануровду дайындаган.

XS
SM
MD
LG