Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Жалалабат облусунда кыргыз чек арачылары өз мекендештерине ыдык көрсөтүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. 13-сентябрда облустун тургуну Гүлнара Калмурзаева адам укугун коргоочу «Адилет» уюмунан укугун коргоп берүүнү өтүндү. Калмурзаеванын кайрылуусуна караганда, ал 7-сентябрда Өзбекстандан кайтып келе жатканда облустагы Бекабат чек ара бекетинин жоокерлери улуттук ар-намысына негизсиз шек келтиришкен. Эки жаш баласынын көзүнчө өзүн колу-буту менен ичине тепкилешкен. Төрт жоокер күйөөсүн да ур токмокко алышып, маселени эр жигиттердей чечүүгө үндөшкөн. Чек арачылардын эч кимиси өздөрүн тааныштырган эмес жана документтерин көрсөтүшпөгөн. Буюм-тайымдарын Өзбекстандын Ханабад чек ара-бажы бекетине өткөрүп беришкен. Аталган уюм Калмурзаеванын арызын Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгына жолдоорун, ал эми облустук бийлик чек ара жаңжалы тууралуу маалымат түшпөгөнүн, кайрылууга ылайык, маселе эки тараптуу изилденээрин билдиришти. Бекабат чегара бекетинин башчысы Жаныбек Батырбековдун жообуна ылайык, Калмурзаева паспортун көрсөтүүнү өтүнгөн жоокердин талабын аткарбай, сумка менен башка чапкан жана ата-эне, урук-туугандары менен келип, чек ара бекетине жаңжал салган.

XS
SM
MD
LG