БИШКЕК. Каракече көмүр кенинде болуп жаткан жагдайды жөнгө салуу жаатында мамлекет менен өкмөт чукул чара көрбөсө, энергетика тармагы кризиске кириптер болушу ыктымал. Бул тууралуу шейшембиде президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Укук коргоочу өткөн апта этегинде Каракечеге иш сапары менен барып келген. Анын айтымында, Нурлан Мотуев жетектеген «Акулак» мамлекеттик акционердик коому көмүрдү эсепсиз сатып, максатсыз чыгымдалган каражаттын эсеби жүз миң сомдоп барат. Бул мыйзам бузуулар тууралуу президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковго жана премьер-министр Феликс Куловго билдирилди. Ошондой эле ал иш сапардын материалдарын Башкы прокуратурага берүүнү көздөп жатат.
«Жоомарт» кыймылынын лидери Нурлан Мотуев баштаган топ 15-июлда нааразылык акциясын уюштуруп, ишкананы ээлеп алган. Кийинчерээк Мотуев «Акулак» мамлекеттик ишканасынын башчысы болуп дайындалган. Ал эми 8-сентябрда 1-май райондук соту «Көмүр» мамлекеттик ишкана төрагасы Пайзулла Рахмановдун мындай буйругун жокко чыгарган.