Палестинанын "Хамас" уюму кечээ күнү билдиргенге караганда, Йордан дарыясынын батыш жээгинде жана Йерусалим шаарында анын жоокерлери жөөттөргө каршы чабуулдарды күчөтөт. "Хамастын" жетекчиси Махмуд Захардын айтымында, Палестина туусу Йерусалимде орнотулмайынча, "Хамас" курал таштабайт. Кырк жылга жакын оккупациядан кийин Жөөт аскерлери жакында Газа тилкесинен чыгып кетти жана басылып алынган араб жерлериндеги жөөт айылдары көчүрүлдү. Хамастын айтымында, эми Йордан дарыясынын батыш жээги бошотулугуу тийиш.