Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму тууралуу Маскөө сунуштары өткөн жок


Кечээ күнү Вена шаарында аяктаган Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйынында АКШ өкүлү Жулие Финли Орусиянын бир нече сунушун четке какты. Маскөөнүн айтымында, кайсы бир мүчө мамлекетте өткөн шайлоону байкоо боюнча отчеттор - аны уюмдун туруктуу кеңеши бекиткенден кийин гана жарыяланууга тийиш. Андан тышкары, айрым мамлекеттердин ыктыярдуу каржылоо жардамдарына көзөмөл салыныш керек жана Европадагы аскерлердин санын кыскартуу боюнча чечимдер дагы кайра каралганы жакшы. АКШнын айтымында, мындай сунуштар ишке ашса, уюмдун негизги идеялары жокко чыгып калат, шайлоо учурунда кетирилген кемчиликтер боюнча сын болсо кескин азаят.

XS
SM
MD
LG