Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Аба ырайы


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 16-сентябрда өлкө боюнча күн ачык болот. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +27...+33 градус ысык. Талас облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +26...+31 градус. Баткен, Ош, Жалалабат аймактарында түнкүсүн +13...+18 градус жылуу болсо, күндүз +29...+34 градус ысык болушу күтүлөт. Ал эми Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25 градус жылуу. Нарын жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +23...+28 градус.

Борборубуз Бишкекте сейрек булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +30...+32 градус ысык болот.

Кабарлар топтомун Бурулкан Турдубек кызы, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG