ОШ. Карасуу райондук соту Карасуу базарынын жоопкерчилиги чектелген «Кыргыз соода биримдиги» аттуу коомго сатылышын мыйзамсыз деп тапты. Ош облустук керек-жарак коомунун карамагында болгон Карасуудагы “Тураталы” базары 1999-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевге таандык деп эсептелинген “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коомуна сатылган. Бул алды-саттыны мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен Карасуу районундагы элдик байкоочу кеңешинин демилгесинин негизинде Ош облустук керек-жарак коомунун башкаруу кеңешинин ошол учурдагы мүчөсү Жолборсбек Осмонов сотко берген. Жоопкер тарап катары сотко Ош облусук керек-жарак коомунун жетекчилиги чакыртылган. Соттун жүрүшүндө судья эки тараптын тең суроо талабын угуу менен Карасуу базары мыйзамсыз сатылган деген чечимге келди. Соттун чечимине ылайык, Карасуу базары “Кыргыз соода биримдигинин” менчигинен ажыратылды. Учурда базарды мамлекеттештирүү, же болбосо коомдоштуруу маселеси каралууда.