Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Жогорку сот алдында ачкачылык жарыялагандардын бирөөсүнүн саламаттыгы начарлады


БИШКЕК. Өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон №59-Чүй, №21-Токтогул, № 27 Базаркоргон-Сузак округдарынын айрым шайлоочулары Жогорку сот алдында ачкачылык акциясын 15-сентябрда да улантышты. Нааразылык чаранын координатору Анаш Сейитказиевдин ушул эле күнү “Азаттыкка” билдиргенине караганда, №59-Чүй округунан келип, ачкачылык жарыялап отурган Айнура Көккөзованын саламаттыгы 14-сентябрдын кечинде кескин начарлап, ооруканага жеткирилди жана азыр ал шаардык алтынчы ооруканада дарыланууда. Ал эми бейшембиден тарта ачкачылыкта отургандардын ден соолугун саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дайындалган бир дарыгер көзөмөлдөй баштады. Учурда жалпысынан алты адам, төрт аял жана эки эркек Жогорку сот алдында күнү-түнү ачкачылыкта отурушууда. Алардын башкы талабы – Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун отставкасы жана аталган округдар боюнча адилдет сот чечимин чыгаруу. Ал эми Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов алардын талабы менен макул эместигин буга дейре бир нече курдай билдирген.

XS
SM
MD
LG