Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Түндүк Корея өз программасынан тайбай жатат


Кытайдын борбору Пекинде Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан алты тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. АКШнын сунушун Түндүк Корея четке кагып, программасын тынчтык гана багытта колдонобуз деп жатат. Сүйлөшүүгө катышып жаткан мамлекеттер бири-бири менен көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү да өткөрүп жатышат. АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүсүндө АКШ Түндүк Кореяга программасынан баш тартууну, анын ордуна бул өлкө менен дипломатиялык катнашты жөнгө салуу, дүйнөлүк каржы институттары менен байланышты жана энергетика тармагында жардам берүү кепилдигин сунуш кылды. Ал эми Түндүк Корея өз программасын тынчтык максатта колдонобуз деп баш тартпай жатат.

XS
SM
MD
LG