Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Жалалабатта Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды


ЖАЛАЛАБАТ. Талкууда Конституцияда жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун гарантиясы менен аны өнүктүрүүнүн системасы жок экендиги белгиленди. Президенттик башкарууну жана сотторду шайлоо жакталганы менен президентти бир мөөнөткө шайлоо сунушун колдогондор болду. Сунуштарга ылайык, депутаттар менен соттордон кол тийбестикти алуу керек. Ошондо мыйзам бузуулар менен депутаттыкка жеткендердин 60 пайызы эл өкүлдүгүнөн ыктыярдуу кетет. Сотторду дайындоо жана Жогорку сотто туура эмес чечим кабыл алган соттордун жоопкерчилигин кароочу соттук комитет түзүү, элдик курултайга атайын статус ыйгаруу зарыл, кош жарандыкты киргизүүнүн кереги жок. Талкуу соңунда өлкөдөгү мамлекеттик башкаруунун системасы жана өзүн-өзү башкаруу жөнүндө Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу президент менен өкмөткө, Жогорку Кеңеш менен Конституциялык кеңешмеге кайрылуу кабыл алынды. Талкууну бей өкмөт уюмдар ассоцациясы менен Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы уюштурду.

XS
SM
MD
LG