Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:24

Кыргызстан коомдук-саясий кыймылы кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. «Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылы президент Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда алар өкмөттүн структурасы жана курамы тууралуу өз сунуш-пикирин беришкен. Аталган саясий кыймыл өлкөдө он алты министрлик, он агенттик түзүүнү сунуштаган. Соңку мезгилдери өлкөдө өкмөт түзүмү тууралуу талаш-тартыш уланууда. Кыргыз өкмөтү өкмөт түзүмү боюнча өз сунушун сентябрь айынын сегизинде Жогорку Кеңешке сунуштаган. Көп өтпөй парламент өкмөт сунушуна макул болбой, өкмөт түзүмү боюнча биргелешкен долбоор иштеп чыгып, мамлекет башчысына 15-сентябрда жөнөттү.

XS
SM
MD
LG