Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Дырылдаев Орусияны сынга алды


БИШКЕК. Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Варшавада өтө турган адам укуктары боюнча жылдык жыйынын алдында Адам укуктары боюнча Кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев билдирүү таратты. Анда укук коргоочу Орусияны КМШ аймагындагы тоталитардык режимдеги өлкөлөрдү колдоп, демкоратияны артка тартып жатат деп билдирген. Ага мисал катары Украинадагы шайлоо учурундагы жагдайды келтирген. Ушундай эле аракеттер Кыргызстандагы март окуясынын учурунда Аскар Акаевди колдоо жаатында да болгон деп эсептеген укук коргоочу мисалга Орусия коргоо министри Сергей Ивановдун 24-мартта, 10-июнда Кыргызстанга байланыштуу жасаган билдирүүлөрүн келтирген жана Орусияны мындай маанайдан баш тартууга чакырган.

XS
SM
MD
LG