Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Кыргыз-өзбек чегара кызматтары Кошдөбө чырын басты

БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чегарасындагы майда чатактарды болтурбоо үчүн эки өлкөнүн чегара кызматтары көзөмөлдү күчөтүүнү убадалашты. Буга байланышкан протоколго эки мамлекеттин чегара кызмат башчыларынын орун басарлары 16-сентябрда кечинде кол коюшту. Ушул эле жолугушууда тараптар 5-сентябрда Кошдөбө чегара аймагында болгон чегара кызматкерлеринин чатагын жөнгө салышты. Натыйжада өзбекстандык үч жоокерди жана бир куралды, кыргызстандык 3 жоокерди жана бир куралды тараптар бири-бирине өткөрүп беришти. Жоокерлерди жана куралдарды тараптар чегаралардагы чакан чатактардын учурунда кармап, өздөрү тарапка өткөрүп алышкан жана факт боюнча кылмыш козгошкон. Бул тууралуу Кыргызстан тараптан 5-сентябрдан бери сүйлөшүүгө катышып жаткан чегара кызматынын башчысынын орун басары Садырбек Дубанаев «Азаттык» радиосуна билдирди.
​
XS
SM
MD
LG