Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Азербайжандан украиналык активист чыгарылды


Азербайжандын бийлиги украиналык активист, саргылт революциянын катышуучусу, “Пора” деген жаштардын уюмунун жетекчиси Сергей Евтушенкону депортациялады. Евтушенко Бакудагы саясий конференцияга катышмак. Ал «Мусават» партиясынын чакыруусу менен келген. Партиянын лидери Иса Гамбар Евтушенко жума күнү учакка отургузулуп, Украинага жөнөтүлгөнү жөнүндө кабар алгандыгын маалымдады. Буга чейин азербайжандык 3 жаш активист камакка алынган эле. Азербайжанда 6-нобярда өтүүчү праламенттик шайлоонун алдында саясий кырдаал курчуп баратат.

XS
SM
MD
LG