Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:22

Жекшембиде Германияда да шайлоо өтөт

Бүгүн социал-демократтардын лидери, канцлер Герхард Шрөдер жана анын негизги атаандашы, христиан-демократтардын жетекчиси Ангела Меркел шайлоочуларга акыркы кайрылуу жасашты. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, Меркелдин Германиянын тарыхында алгачкы аял-канцлер болуп калуу мүмкүндүгү жогору. “Биз Германиянын биригүүсүн ишке ашырган сыңары эле ар бириңердин турмушуңарды жакшыртуу үчүн, өлкөнүн 21-кылымда ийгиликтүү болушу үчүн көп иштерди жасай алабыз. Бул үчүн сиздин колдооңузга муктажмын”, - деген үндөө менен Ангела Меркел шайлоо кампаниясын аяктады. Өлкөнү 7 жылдан бери башкарып келаткан Шрөдер анын партиясы экономикалык кайра жаралууну социалдык тилектештикке залака тийгизбестен жүргүзө алат деп ишендирди.
XS
SM
MD
LG