Коопсуздук кырдаалы кыйын экенине карабай шайлоого элдин катышуусу жогору болоору болжолдонууда. «Кол салууларга карабай, 12 миллион добуш берүүчү өз эркин билдирүү үчүн шайлоо участкаларына барат», - дейт Ооганстандагы америкалык армиянын командачысы, генерал-лейтенант Карл Айкенберри. Анын аралыгында, талип деп шектелген бир адам Кабулдун Мусайи деген чөлкөмүндө 3 полициячынын атып салды.Ок атышуу Забул провинциясында да катталды. Кошуна Пакистандын куралдуу күчтөрү Ооганстан менен чегараны катуу көзөмөлгө алып турушат.