Коопсуздук кырдаалы кыйын экенине карабай ооган шайлоочулары активдүүлүгүн көрсөтөт деп айтып жатышат. Ооганстанда соңку отуз жылдан бери калк биринчи ирет улуттук парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн добуш берүүдө. Шайлоо алдында талиптер да активдүү аракеттерге өтүштү.Кечээ алар Кабулга жакын жерде 3 полицменди атып кетишти. Забул провинциясында да куралдуу кагылыш болду. Кошуна Пакистандын куралдуу күчтөрүү Ооганстан менен тогошкон чек араны катуу көзөмөлгө алып турушат.