Шаарга чукул Шанырак районундагы жакыр-жалчы жашаган миңдей киши үй-жай проблемасын чечип берүүнү бийликтерден талап кылганы Алматынын борбордук аянтына көздөй жөө жүрүшкө чыгышкан эле. Полиция шаардын капкасында аларды тосуп, күч менен кууп таркатты. Он эки киши кармалды.