Алты өлкөнүн делегациясы Пхеньяндын атомдук программасына байланыштуу Кытай сунуш кылган мунасалуу корутунду документ менен таанышып жатышат. Документтин мазмуну тууралуу эч кандай маалымат айтылган жок. Түндүк Корея тынчтык максатта ядролук программасын өнүктүрүү укугун сактап калганга умтулууда. Сүйлөшүүлөргө эки Корей өлкөсүнөн тышкары АКШ, Россия, Кытай жана Япония катышууда.