ЖАЛАЛАБАТ. Майлуусуу шаарында Кыргыз өкмөтү менен Бүткүл дүйнөлүк банктын биргелешкен долбоорунун кеңсеси иштеп жатат. Долбоор 1947-66-жылдар аралыгында шаарга көмүлгөн уран калдыктуу жайларды зыянсыздандыруу камылгасын көрүүдө. Учурда Майлуусууга “Нарынгидрокурулуш” уюмунун эмгек жамааты техникалары менен келип жайгашты. Алар жер көчкү түшүү коркунучу бар тектүү адыр бөлүктөрүн башка жайга көчүрүшөт. Мындай маалымат облустук чукул кырдаалдар башкармасынан алынды.
Майлуусууда уран калдыктуу жыйырма үч жай бар. Суу ташкын жана жер көчкү убагында ал жайлардын ачылып кетүүсү ыктымал. Андай болгондо 18 миллион калк жашаган бүтүндөй Фергана өрөөнү коркунучта калат. Мындай алааматтын алдын алуу үчүн Дүйнөлүк банк менен Жапан өкмөтү зыянсыздандыруу ишине 11 миллион 800 миң АКШ долларын бөлүү чечимин кабыл алышкан.