Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Университет округунда кайра шайлоо өттү


БИШКЕК. 18-сентябрда Бишкектеги №1-Университет округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өттүү. Шайлоонун жүрүшүнө КМШ өлкөлөрүнүн, Эл аралык республикалык институттун, жергиликтүү укук коргоо жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү байкоо жүргүздү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, кечки саат 8ге шайлоочулардын 30 пайызга гана жакыны добуш берүүгө келди. Округда жалпысынан 29 миң 700 шайлоочу бар. Депутаттыкка 6 талапкер: Болот Марипов, Кунай Шеримкулов, Алмазбек Авазбеков, Эркин Бөлөкбаев, Таалайбек Курманалиев жана Медетбек Абдраев ат салышты. Шайлоо Кодексине ылайык, окуругдагы 17 шайлоо участкасы эрте мененки саат 7ден кечки саат 9га чейин ачык болду. Шайлоонун жыйынтыгы 19-сентябрда жарыяланат. Бул округдан мурда депутаттыкка шайланган Бермет Акаева үгүт маалында мыйзам бузууларга барган деген негиздеме менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан депутаттык мандатынан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG