Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

КОШОМАТЧЫЛАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ, ЖЕР ТАЛАШТЫН КУРЧУШУ, НАРЫНДЫКТАР НААРАЗЫ, “МЭЭРИМГЕ” МЭЭР ТӨККӨНДӨР


20-сентябрдагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема Каракече көмүр кениндеги талаш-тартыштар, кайрадан жер берүүнү талап кылып толкугандар, өкмөттүн курамы тууралуу талкуу сыяктуу маселелер болду.

20-сентябрдагы “Агым” гезитинде “ЭрК” демократиялык партиясынын төрагасынын орунбасары Жолдошбек Алиевдин “Президент Бакиевдин да “ляппайчылары” пайда болду” деген сын макаласы жарык көрдү. Мында Аскар Акаев калтырып кеткен “кошоматчылык” жана “коррупция” деген илдеттин өнүгүшүн үч баскычка бөлүп, андан арылуунун жолдору сунуш кылынат. “Кыргызстандын жаңы бийлиги азыркы учурда ачакей жолдо турганы- талашсыз факт. Биринчи жолу- “кошоматчылар” деп аталган бийликтин бүтүндөй бир армиясы 10 жыл бою курган даңгыр жол. Экинчиси - ыңкылапты аягына чейин чыгарып, өлкөнү илдеттерден арылтуу. Бирок “байлыкты көргөндө пайгамбар да жолдон чыгыптыр” деген учкул сөз бар эмеспи. Ошо сыңары жаңы шайланган президент да пайгамбар сыяктуу эле жолдон чыгууга даяр экендигине күбө өткөнү калдык. Курманбек Бакиевдин буга чейинки жасаган иштери да карапайым калктын купулуна толбой келгени ошон үчүн болсо керек. Күн өткөн сайын Курманбек Бакиев да кошоматчылардын мактоосуна, даңазалоосуна магдырап, көшүлүп бараткансыйт. Ушул темп менен жүрүп олтурса эртең эле мени мактагыла, даңазалагыла деп мыйзамдуу түрдө талап кылаары шексиз” деп жазат “ЭрК” демократиялык партиясынын төрагасынын орунбасары Жолдошбек Алиев. Андан ары өз пикирин мындай улантуу менен автор “Акаев мезгилинде жетекчилик кызматта иштегендердин баарын убактылуу болсо да кызматтан алып, дезинфекциялап, карантинден өткөрүү керек. Бул процесс - кыргыз элинин келечеги үчүн зарыл. Ал эми “кошоматчылык” деген илдет Курманбек Бакиевди да дүйнөлүк коомчулуктун алдында шылдың кылышы ыктымал” деп жазат.

“Агым” гезитинин кабарчысы Асланбек Сартбаев “Кумтөр” алтын комбинатынын айланасындагы талаш- тартыштарды, кайчы пикирлерди, пайдасынан зыяны көп болуп жатканын, экологияга, жергиликтүү элдин ден соолугуна тийгизген терс таасирлерин кеңири баяндады.

Ушул эле гезитте кабарчы Асыран Айдаралиев Бишкектин айланасында үй куруу үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылып тургандардын көйгөйлөрү, чечилбей турган маселелери тууралуу “Алтынказык” коомунун төрагасы Осмон Рыскулбеков менен маектешкен.

20-сентябрдагы “Аалам” гезитинде Нарын облусундагы коомдук бирикмелердин, саясый партиялардын, жарандык коомдордун, жеке ишкерлердин жана ардагерлердин өлкөнүн президенти Курманбек Бакиевге кайрылуусу жарык көрдү. Мында кыргыз элинин жакырчылыкка батышынын себептери айтылып, кредиттен пайда тапкан банктар, өзгөчө “Кыргызфинкорпорациясы” элдин эсебинен байып жатканы баяндалат. “Кыргызфинкорпорациясы” элдин күрөөгө койгон там, үйлөрүн ит-бекер баалап, пайызын бир эле жолу төлөш керек болсо, кредитке берген суммадан ар жыл сайын жылдык деп пайыз алат. Бул мекемеде иштеген банкирлер ротация болуп алмаштырылып турбайт, ошондуктан алар туруктуу “клиенттер” менен гана чоң суммада иштеп “шапкесин” алып жашайт. Байларга гана кредит берип, жакыр үй-бүлө эч качан кредит алалбайт” деп жазылат нарындыктардын кайрылуусунда.

“Аалам” гезити да Каракече көмүр кениндеги талаш- тартышуу маселелерине дагы кайрылып, Нурлан Мотуевдин таламын талашкан жумгалдыктардын кайрылуусуна орун берди. “Жумгал эли өз төрүндө чыккан байлыкка ээ болбой, жакыр районго айланган. “Көмүр” күркүлдөрү райондун бюджетине бир тыйын түшүрбөй оң, сол чөнтөккө уруп келишкен. Элибиз жакыр, көмүрдүн кенинде жатсак да көң жагып келгенбиз. Жолубуздун кейпи, элибиздин жашоо-шарты ушул окуяга алып келди. Жогору жактагы жетекчилер Каракеченин айланасында от-жагып, элдин ортосун бузушса бул жакшылыкка алып келбейт. Ойлонгула, биз да өз эркибизди билдирүүгө даярбыз” деп жазышат жумгалдыктар.

“Ааламда” жарык көргөн “Мээримге” мээримдүү жылмайгандар” деген макаласында көтөрүлгөн маселе тууралуу баяндамачы Семетей Талас уулу буларды айтып берди:

- Аскар Акаевдин бийлиги учурунда “Мээрим” кайрымдуулук фонду Раззаков атындагы көчөдөгү үч кабаттуу имаратты 10 миң сомго мыйзамсыз менчиктештирип алган. Бул мыйзамсыз менчиктештирүүнү иликтеген башкы прокуратура 10 миң сомдун үстүнө 43 миң сом төлөтүп, кайра эле “Мээрим” фондусуна имаратты баш-аягы 53 миң сомго берип койгон. Элдик ыңкылаптан кийин элдин мүлкү элге кайтарылбай эле, акаевчилерге кайра ыйгарылып берилгенин иликтөөгө алдым.

20-сентябрдагы “Кыргыз туусу” гезити өлкөнүн Башкы прокуратурасынын беш айлык иш-аракеттерин баяндады. Гезиттеги макалалардын учкай мазмуну тууралуу маданият бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Чотурова буларга токтолду:

- Кыргыз эл депутаты Мелис Эшимкановдун бейнесине сүртүмдөрдү берип, анын канча жүзү бар экени тууралуу Замирбек Божоковдун макаласы жарык көрдү. Аскар Акаевдин бийлиги учурунда наам-сыйлыктар калыстык менен берилбей келгени тууралуу да макала бар.

19-сентябрдагы “Вечерний Бишкек” гезити 20-сентябрда Кыргызстанга Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун келип, президент Курманбек Бакиев менен жолугаарын, Канттагы аскербазасына барып жана өлкөгө аскердик техникадан жардам берүү тууралуу кеп болоорун маалымдады. Ошондой эле парламент мүчөлөрү президентке өкмөттүн структурасы тууралуу өздөрүнүн сунуштарын жөнөткөнүн кабарчы Бермет Маликова жазды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG